Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 8-МАРТ
ОРУСИЯ

Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынабы?

Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынабы?

2017-жылдын 21-февралында Орусия Федерациясынын Юстиция министрлиги тарабынан Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборуна дагы бир талап коюлган. Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунан бүтүндөй Орусиядагы 2 227 жыйналыш жөнүндө маалымат беришин талап кылышкан.

Алар бул талапты Юстиция министрлиги Башкы прокуратуранын буйругу менен Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунда текшерүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда коюшкан. Текшерүү маалында бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарына көбүрөөк басым коюшкан. Аларга административдик борбордун өзү жана диний жолугушууларды өткөрүү үчүн колдонулган имараттарга ээлик кылган жергиликтүү диний уюмдар кирет. 2017-жылдын 27-февралында текшерүү иши бүткөндөн кийин Юстиция министрлиги Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору мыйзамды бузду жана «экстремисттик иштерди» кылды деген айып койгон.

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Орусиядагы ишенимдештери үчүн абдан тынчсызданып жатышат. Юстиция министрлигинин экинчи талабынан кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарын текшерүүгө көбүрөөк басым жасалууда. Бийликтегилердин акыркы иш-аракеттеринен улам Жахабанын Күбөлөрү Башкы прокурор алардын Орусиядагы юридикалык жактарын эле жокко чыгарып тим болбостон, бүтүндөй Орусия Федерациясында жүргүзүп жаткан ишине тыюу салабы деп кооптонууда.