Мазмунун көрсөтүү

15-ЯНВАРЬ, 2020
ПУЭРТО-РИКО

Чоң жер титирөө Пуэрто-Рикого катуу сокку урду

Чоң жер титирөө Пуэрто-Рикого катуу сокку урду

2020-жылдын 7-январында Пуэрто-Рикодо 100дөгөн майда жер титирөөлөрдөн кийин, 6,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. 11-январда эртең менен жер дагы бир жолу силкинип, кубаттуулугу 5,9 баллга жеткен.

Ларес шаарынын Кастанер районундагы ишенимдештерибиз электр жарыгы жоктугуна карабай жыйналыш өткөрүп жатышат

Ал аймакта көптөр дагы деле электр жарыгы жок отурушат жана эшикте жашап жатышат. Кошмо Штаттардагы филиал ишенимдештерибиздин эч кимиси жабыркабаганын, каза таппаганын билдирди. Бирок 248 бир тууганыбыз үй-жайын калтырып кетүүгө аргасыз болгон. Андан сырткары, боордошторубуздун 8 үйү талкаланып, 70и зыянга учураган. 10 Падышалык залы да зыян тарткан. Кырсык болгондо жардам берүү комитети жергиликтүү райондук көзөмөлчүлөр менен бирге жабыркаган жарчыларды зарыл нерселер менен камсыз кылып, сооротуп-жубатууда.

Бир туугандарыбыз ушундай оор жагдайга карабай Жахабага сыйынууга байланыштуу иштерин токтотушкан жок. Кошмо Штаттардагы филиалда жайгашкан жалпыга маалымат берүү үстөлүндө кызмат кылган Роберт Хендрикс мындай деген: «Ушундай табигый кырсык Пуэрто-Рикодо көп болбогондуктан, бул жер титирөөлөрдөн кийин бир туугандарыбыз коркуп, абдан тынчсызданышкан. Ошого карабай кубанычын жоготпогонун көрүп, аябай кайраттанып калдык. Алар электр жарыгынын жана таза суунун жоктугуна карабай, мүмкүн болушунча, жолугушууларга барып, кабар айтуу ишине катышып жатышат. Аксакалдар жардамга муктаж болгондорго дем-күч берип, колдоп, сооротуп-жубатыш үчүн жаны тынбай эмгектенүүдө».

Дагы бир жер титирөөдөн зыян тартып калбаш үчүн боордошторубуздун көбү чатырларда жашап жатышат

Табигый кырсыктан жапа чексе да ишенимдештерибиздин рухий иштерди баалап жатканы бизди кубандырбай койбойт. Биз Жахабадан аларга жан дүйнө тынчтыгын беришин сурап тиленип турабыз (Забур 119:165).