2017-ЖЫЛ, 29-ДЕКАБРЬ
ФИЛИППИН
Филиппинди эки тропикалык шамал бүлгүнгө учуратты
Декабрь айынын аяк ченинде «Кай-Так» (жергиликтүү элдин айтканы боюнча, «Урдуха») менен «Тембин» («Винта» деп да аталат) тропикалык шамалы Филиппинде суу ташкынынын болушуна, жер көчкүнүн жүрүшүнө алып келди. Анын кесепетинде көптөгөн адамдар өмүрүнөн айрылып, он миңдегендерди эвакуациялоого туура келди.
Ал катуу шамал Жахабанын Күбөлөрүнө таандык эки Падышалык залын, 6 үйдү талкалады. Ошондой эле Жахабанын Күбөсү болгон 281 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү. Эң кейиштүүсү, Түндүк Ланаодо жашаган 24 жаштагы карындашыбыз суу ташкынынан каза тапты.
Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерин эң негизги нерселер менен камсыз кылууда. Филиппиндеги филиалдын өкүлдөрү кырсыктан жабыр тарткан бир туугандарына жардам көрсөтүш үчүн жана алардын Кудай менен болгон мамилесин бекемдеп, кубаттандырыш үчүн кырсык болгон аймакка барууга даярданып жатышат.
Биз да кырсыктан жабыркаган жана жакындарынан айрылган бир туугандарыбыз менен бирге кайгырып, алар үчүн жүрөгүбүз ооруп жатат. Жахаба Кудайыбыз мындан ары да аларды руху жана уюму аркылуу жубатып, керектүү жардамды берерине бекем ишенебиз (Забур 9:9; Ышая 51:12).
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000
Филиппин: Дин Жейсек, тел.: +63-2-224-4444