Мазмунун көрсөтүү

E+/IvanJekic via Getty Images

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Каакымдын уругунун учушу

Каакымдын уругунун учушу

 Алыска учкан жагынан каакымдын уругу башка уруктарды алдына чыгарбайт. Шамал болгондо каакымдын башындагы жайнаган кичинекей уруктар, чакан парашюттар сымал, абада каалгып учат. Бирок алар дароо эле жерге түшүп калбайт. Желдин күчү менен уруктар бир чакырым же андан да алыс аралыкка чейин уча алышат. Алар эмненин аркасында бир топко чейин каалгып уча алышат? Уруктар абага көтөрүлгөндө өзгөчө бир механизм ишке кирет. Ал механизм уруктардын абада туруктуулук менен учушун шарттайт. Ошондой көлөмдөгү парашюттар менен салыштыра турган болсок, бул механизм уруктарды төрт эсе көп көтөрүлүү күчүнө ээ кылат.

 Көңүл бурсаңар: Ар бир уруктун үстүндө паппус деп аталган түкчөлөрдүн тобу бар. Паппус, парашют сыяктуу, көтөрүлүү күчүн пайда кылат. Бул болсо уруктардын абада учушуна өбөлгө түзөт.

Окумуштуулардын айтымында, төмөнкү басымды жараткан шакекченин ичиндеги айланган аба урукту жерге түшүрбөй, анын абада каалгып учушуна шарт түзөт

 Бирок бул бир эле чети. Жел паппусту айланып же аралап өткөндө, анын үстү жагында шакекче сымал аба агымы пайда болот. Шакекченин ичиндеги айланган аба төмөнкү басымды жаратат. Мындай басым кошумча тартылуу күчүн пайда кылып, уруктун көпкө чейин абада каалгып учуп жүрүшүнө шарт түзөт.

 Паппустун иреттүү жайгашкан түкчөлөрүнүн арасынан жел ээн-эркин өтө алгандыктан, ал кадимки туюк парашюттан айырмаланат. Көңүлгө алчу нерсе, паппус 10 пайыз түктөн, ал эми 90 пайыз боштуктан турат. Табияттагы мындай «парашют» аз эле, жөнөкөй эле материалдан турса да, адамдар жасаган парашюттан алда канча туруктуу жана натыйжалуу келет.

 Окумуштуулар каакымдын уруктарынын учуу механизмин изилдеп, аны колдонуунун жолдорун издеп жатышат. Алар бир аз эле энергия сарптаган же такыр эле сарптабаган чакан дрондорду жасоону максат кылып жатышат. Андай дрондор ар кандай максатта, мисалы, абанын сапатын текшергенге колдонулушу мүмкүн.

 Каакымдын уруктары кантип учарын көргүлө

 Кандай деп ойлойсуңар? Каакымдын жогорку сапаттагы «парашюту» эволюция жолу менен пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?