Мазмунун көрсөтүү

Moment/Robert D. Barnes via Getty Images

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Колибринин тили

Колибринин тили

 Окумуштуулар мурун колибринин нектарды соруп алышына капиллярдык көтөрүлүү деп аталган табигый процесс шарт түзөт деп ойлоп келишкен. Адатта, андай процесс учурунда суюктук ичке түтүк менен өйдө көтөрүлөт. Бирок акыркы изилдөөлөрдөн айкын болгондой, колибри мындан да натыйжалуу ыкманы колдонот. Бул ыкманы айрымдар «нектардын тузагы» деп коюшат.

 Көңүл бурсаңар: Колибринин тили нектарга тийгенде, анын учу узатасынан экиге бөлүнүп, капталдарында көп майда «тишчелери» бар калакчаларга окшоп калат. Негизи, «тишчелердин» ортосундагы жылчыктар жабык болот. Ал эми калакчалар нектарга тийгенде, «тишчелердин» ортосу ачылат. Анан колибри тилин тартканда, «тишчелер» жабылып, нектар ичинде калып калат. Мындайча айтканда, нектар «тузакка» түшүп калат. Ушундайча колибри нектарды түтүк менен соруп ичкендей эмес, тили менен жалап ичкендей болот.

 Бул процесс канча убакытка созулат? Алехандро Рико-Геварра, Фан Тайси жана Маргарет Рубега деген окумуштуулардын айтымында, бир ичкенине «бир секунданын ондон азыраак бөлүгү» кетет. Алар мындай деп кошумчалайт: «Колибринин тилинин учу нектарды „тузакка“ түшүргөн мыкты шайманга окшош. Ал нектарды сузуп алыш үчүн дайыма кыймылдап, өзгөрүп турат».

 Кызыктуусу, колибри нектарды тили менен сузуп алып жатканда эч кандай күч коротпойт. Бул процесс учурунда пайда болгон татаал күчтүн таасири менен анын тили нектарга тийгенде учундагы тишчелер ачылып, тилин тартканда кайрадан жабылып турат.

 Колибринин тили нектарды ушундай чебердик менен сузуп алгандыктан, окумуштуулар бул өзгөчөлүктү медицинада, робот жасоодо жана башка тармактарда колдонсо болот деп эсептешет. Ошондой эле кайсы бир нерсенин бетиндеги суюктукту же төгүлгөн мунайды (нефть) чогулта турган шаймандарды жасоодо да колдонулушу мүмкүн.

 Колибринин тилин чыгарып, кайра киргизип жатканын көргүлө

 Кандай деп ойлойсуңар? Колибринин таң каларлык тили эволюция жолу менен жаралганбы? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?