Акча жамандыктын өзөгүбү?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Жок. Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепте акчанын жаман экени да, жамандыктын баарына акча себеп болору да айтылбайт. Айрымдар көйгөйлөрдүн баары акчанын айынан болуп жатат деп айтышат. Чынында, Ыйык Китепте: «Акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры»,— делет (1 Тиметей 6:10).
Ыйык Китепте акча тууралуу эмне делет?
Кудайдын Сөзүндө айтылгандай, эгер акчаны туура колдонсо, пайда алып келет, ал тургай «коргойт» (Насаатчы 7:12). Ошондой эле Кудай бизди март болууга, мисалы, муктаж болгондорго акчалай жардам берүүгө чакырат (Накыл сөздөр 11:25).
Анткен менен Ыйык Китепте акчанын артынан сая түшүүдөн алыс болушубуз керектиги жазылган. Андан: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула»,— дегенди окуйбуз (Еврейлер 13:5). Ооба, акчаны туура колдонуп, дүнүйө-мүлк топтоодон сак болгонубуз маанилүү. Биз зарыл нерселерибиз, алсак, тамак-ашыбыз, кийим-кечебиз, баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого топук кылышыбыз керек (1 Тиметей 6:8).
Ыйык Китепте акчаны сүйүүдөн алыс болууга байланыштуу кандай эскертүү берилет?
Ач көз адамдар түбөлүк өмүргө ээ болбойт (Эфестиктер 5:5). Мунун бир себеби, ач көздүк «бурканга табынуучулукка» барабар. Башкача айтканда, андай адамдар жансыз нерсеге сыйынган болуп калышат (Колосалыктар 3:5). Андан тышкары, алар эңсегенине жетиш үчүн көп учурда Кудайга жакпаган иштерге барышат. Сулайман пайгамбар: «Баюуга ашыккан адам айыпка жыгылат»,— деп жазган (Накыл сөздөр 28:20). Акча өндүрүү үчүн алар атүгүл кылмыш кылышы, маселен, коркутуп-үркүтүшү, талап-тоношу, алдашы, киши уурдашы же өлтүрүшү мүмкүн.
Акчага болгон сүйүү жаман иштерге түртпөгөн күндө да, залакалуу башка нерселерге алып барышы ыктымал. Ыйык Китепке ылайык, «баюуга умтулгандар азгырылып, тузакка түшүшөт,.. көптөгөн пайдасыз, жаман каалоолорго берилип кетишет» (1 Тиметей 6:9).
Акча жөнүндө айтылган Ыйык Китептеги кеңештердин кандай пайдасы бар?
Адеп-ахлак нормаларын жана Кудайга жаккан иштерди садага чаап, акчанын артынан сая түшпөшүбүз керек. Ошондо гана жан дүйнөбүз тынч болуп, Кудайга жагабыз, анын колдоосун да сезебиз. Кудай анын айткандарын аткарып жашагандарга: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп убада берет (Еврейлер 13:5, 6). Ошондой эле: «Ишенимдүүлүк менен иш кылган адам көп бата алат»,— деп ынандырат (Накыл сөздөр 28:20).