Иса Кудуреттүү Күчтүү Кудайбы?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Иса пайгамбардын душмандары аны өзүн Кудайга теңеп жатат деп күнөөлөшкөн (Жакан 5:18; 10:30—33). Бирок Иса пайгамбар эч качан өзүн Кудуреттүү Күчтүү Кудайга теңеген эмес. Ал: «Атам менден чоң
»,— деп айткан (Жакан 14:28).
Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочулары да аны Кудуреттүү Күчтүү Кудай менен бирдей деп эсептешкен эмес. Мисалы, элчи Пабыл Кудай Иса пайгамбарды тирилткенден кийин «аны ого бетер жогорулатканын
» жазган. Демек, элчи Пабыл Иса пайгамбарды Кудуреттүү Күчтүү Кудай деп эсептеген эмес. Эгер Иса пайгамбар Кудуреттүү Күчтүү Кудай болсо, аны ого бетер жогорулатуу мүмкүн болот беле? (Филипиликтер 2:9).