Мазмунун көрсөтүү

Турин кепини Исанын сөөгүн орогон кепин болгонбу?

Турин кепини Исанын сөөгүн орогон кепин болгонбу?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Турин кепини жөнүндө Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Көптөр зыгырдан жасалган ал кездемени Иса Машаяктын сөөгүн орогон кепин болгон деп эсептешет. Мунун натыйжасында айрымдар ал кепинди христиан дүйнөсүндөгү эң эле ыйык буюм катары көрүп калышкан. Учурда Италиядагы Турин шаарынын чоң чиркөөсүндө ал кепин жогорку технологиянын негизинде абдан корголуп жасалган жерде сакталып турат.

 Ыйык Китептеги окуялар Турин кепини чынында эле Исаны орогон кепин болгонун далилдейби? Жок.

 Келгиле анда, Турин кепини Ыйык Китепте айтылгандарга дал келбей турганын көрсөткөн үч нерсени карап көрөлү.

  1.   Турин кепининин узун-туурасы 442 жана 113 сантиметр келет, ошондой эле анын узундугуна 8 сантиметр кездеме кошулуп тигилген.

     Ыйык Китепте эмне делет? Исанын сөөгүн бир бүтүн зыгыр кездемеге эмес, бир нече кездемеге орошкон. Анын башын өзүнчө кездемеге орошкон. Иса тирилгенден кийин анын элчилеринин бири бош калган мүрзөгө келип, «жерде жаткан зыгыр кездемени көргөн». Ыйык Китепте андан ары: «Исанын башына оролгон кездеме болсо тиги кездеменин жанында эмес, оролуу бойдон өзүнчө жатыптыр»,— деп кошумчаланат (Жн 20:6, 7).

  2.   Турин кепининде маркумдун жуулбаган денесинин канынын тактары калган деп эсептелет.

     Ыйык Китепте эмне делет? Иса өлгөндөн кийин шакирттери анын денесин «жүйүттөрдүн сөөк коюу салты боюнча» кепиндешкен (Жн 19:39—42). Бул салт боюнча, өлүктү кепиндегенге чейин аны жууп, ар кандай жыпар жыттуу чөптөрдү, майларды колдонушкан (Матай 26:12; Элчилер 9:37). Ошондуктан Исанын шакирттери анын сөөгүн кепиндегенге чейин жуушкан деп айта алабыз.

  3.   Турин кепининде, «Британ энциклопедиясына» ылайык, «кездемеге узунунан жаткырылган жана бүт денеси башынан бутун көздөй кездеменин калган бөлүгү менен жабылган маркумдун» сөлөкөтүнүн изи түшүрүлгөн.

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? Исанын шакирттери анын өлүмү, мүрзөнүн бош калганы жана «Исанын тирүү экенин кабарлаган» периштелерди өз көзү менен көргөн аялдар тууралуу сүйлөшүшкөн (Лука 24:15—24). Эгер ал кепин Исанын мүрзөсүндө бар болгон болсо, шакирттердин ал тууралуу жана анда түшүрүлгөн сөлөкөттүн изи тууралуу да сүйлөшүшмөктүгү шексиз. Бирок Ыйык Китепте алардын антип сүйлөшкөнү тууралуу айтылбайт.

Турин кепинин аздектөө туурабы?

 Жок. Ал кепин чындап эле Исаны орогон кепин болгон күндө да, аны аздектөө туура эмес болмок. Эмне үчүн туура эмес болмоктугун түшүндүргөн Ыйык Китептеги принциптерди карап көрөлү.

  1.   Бул зарыл эмес. Анткени Иса Машаяк: «Кудай — Рух. Ошондуктан ага сыйынгандар ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынышы керек»,— деп айткан (Жакан 4:24). Чыныгы сыйынууда ыйык нерселер же сөлөкөттөр колдонулбайт.

  2.   Буга тыюу салынат. Кудай Муса пайгамбар аркылуу берген Он осуятта буркандарга сыйынууга тыюу салынган (Мыйзам 5:6—10). Ыйык Китепте Исанын жолдоочуларына да: «Өзүңөрдү буркандардан сактагыла»,— деген буйрук берилген (1 Жакан 5:21). Ошентсе да айрымдар кепиндин буркан эмес, диний ишенимди билдирген символ экенин айтып талашка салышы мүмкүн. Бирок адам диний символдорду аздектесе, бул бурканга сыйынууга жатып калат a. Ошондуктан Кудайга жаккысы келген киши эч кандай буюм-тайымды, анын ичинде кепинди ыйык тутуп, андай нерселерге сыйынбайт.

a  Буркан — бул адамдар сыйына турган сүрөт, символ же сөлөкөт.